Саясат
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Бишкекке келди. Бул тууралуу минкаб билдирди. Мирзиеевти Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.