Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди
![Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди](/content/images/size/w1200/2023/10/6528c983cd274-thumb-1.jpg)
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Такталгандай, Түркмөнстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Бердымухамедов Бишкекте өтө турган КМШ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди.