Экономика
Жогорку Кеңештин комитети КРнын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту карады
Бүгүн, 26-сентябрдагы Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КРнын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету каралды. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жыйында баяндама жасаган Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 2022-жылга карата фискалдык саясаттын негизги багыттарына токтолду.