Үйдөн чыкпай Tunduk тиркемесине кантип онлайн катталса болот – кыскача нускама
Санариптик өнүктүрүү министрлиги үййдөн чыкпастан Tunduk тиркемесине онлайн каттала алганга мүмкүн берди. Министрликтин нускасына ылайык, Tunduk мобилдик тиркемесинде булуттук электрондук кол тамганы (БЭК) онлайн алуу менен катталууга мүмкүн: • Тиркемени жүктөп алыңыз. • Кириңиз жана “Катталган жоксузбу?” дегенди тандаңыз. • Керектүү маалыматты толтуруңуз (ИЖН, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери)

Санариптик өнүктүрүү министрлиги үййдөн чыкпастан Tunduk тиркемесине онлайн каттала алганга мүмкүн берди.
Министрликтин нускасына ылайык, Tunduk мобилдик тиркемесинде булуттук электрондук кол тамганы (БЭК) онлайн алуу менен катталууга мүмкүн:
• Тиркемени жүктөп алыңыз.
• Кириңиз жана “Катталган жоксузбу?” дегенди тандаңыз.
• Керектүү маалыматты толтуруңуз (ИЖН, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери)
• Бирдиктүү идентификация системасында каттоого макулдугуңузду бериңиз.
• Талапка ылайык сүрөттү кошуңуз.
• Сүрөткө түшүп, ырастаңыз.
• “Каттоо” баскычын басыңыз.
• Куттуктайбыз! Сиз БЭКти алдыңыз!
• Келишимди көрүү үчүн “OK” баскычын басыңыз.
• Макулдашууну бөлүшсө болот (жогорку жактагы “Бөлүш” баскычы), ылдый жактагы “OK” баскычын басканда, авторизация барагына өтөсүз.
Долбоор өлкөнү санариптик трансформациялоонун алкагында ишке ашырылууда.








