Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек Парманкулов тарабынан муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин айтымында, имарат Рабочая көчөсү 11б дарегинде жайгашкан.
“2023-жылдын 25 авгусста биздин кызматтар тарабынан имаратты бошотуу тууралуу билдирмелер берилген. Бирок ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин биздин шарттарыбыз аткарылган эмес”, - деди Орунтаев.
Аткаминердин айтымында, экс-депутат бала бакчаны талкалап, жараксыз абалга келтирип, ал жерге желим буюмдарды чыгаруучу цех ачкан.




Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media