Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча кеңсе ачылат - КРга Өзбекстандан делегация келди
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча биргелешкен Долбоордук кеңсенин ачылышына катышуу үчүн Өзбекстандын Транспорт министрлиги менен «Өзбекстан темир жолдору» АКнын өкүлдөрү Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолунун” маалымат кызматы билдирди. Кеңсенин максаты – долбоордун практикалык ишке ашырылышын тездетүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо болуп саналат. Бүгүнкү күндө «Кыргыз