Коом
Социалдык келишим аркылуу 1.1 миңден ашык үй-бүлөлөр тейлөө жана соода тармагында бизнес ачышты
Кыргызстанда 1 106 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык келишимдин алкагында тейлөө жана соода тармагында бизнес ачышты. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди. Такталгандай, 586 үй-бүлө соода чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр: 317си – тамак – аш азыктары менен соода кылуу, 269у-кеңсе товарларын, кийим-кечелерди, телефондорду, этнотоварларды, зер буюмдарын, тоюттарды, шиналарды сатуу ж.