Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Арабияга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Арабияга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, Сауд Арабиянын gадышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен «Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши» аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышуу үчүн Жидда шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган. Расмий делегациясынын курамындагылар:

• Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;

• Улукбек Марипов – Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси;

• Данияр Амангельдиев – экономика жана коммерция министри;

• Тойгонбай Абдыкаров – дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

• Каныбек Туманбаев – президенттин иш башкаруучусу;

• Талгат Аширбеков – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Read more

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

2025-жылдын 29-январында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жетекчилери катышкан тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Бул иш-чарага компаниянын Коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлдөрү да катышып, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан облустун борборундагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдар жөнүндө маалымат

Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүйдүн иши менен таанышышты

Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүйдүн иши менен таанышышты

Шумкар- Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүй алтын кенине иш сапары менен барышты. Депутаттар ишканадагы өндүрүштүк процесстер менен таанышып, жеринде баа беришти. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү алтын сактоочу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын ишин жакындан көрүп, «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлеринен маалымат алышты.

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

Талас облусундагы «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, 2017-жылы фонддун каржылык колдоосу менен кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн. Алсак заманбап үлгүдөгү стелла тургузулуп, чек-аранын кире беришиндеги структуралык арканын эки бетине кечкисин жануучу