АӨБ Кыргызстанга берилчү 50 млн долларлык жаңы долбоорду жактырды
Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоо үчүн экономиканын өсүүсүн жакшыртуу жана өлкөнүн тышкы таасирлерге туруктуулугун жогорулатууга 50 млн долларлык долбоорду жактырды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. 25 млн доллар грантты жана 25 млн доллар жеңилдетилген насыяны камтыган долбоор АӨБдүн COVID-19 пандемиясы сыяктуу олуттуу макроэкономикалык көйгөйлөрдүн шартында