Тоңдо 150-орундук мектептин курулушу башталды – сметалык баасы 113 млн сом

Тоңдо 150-орундук мектептин курулушу башталды – сметалык баасы 113 млн сом

Тоң районунун Жер-Үй айылындагы 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынып, курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Такталгандай, аталган билим берүү мекемесинин имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулган.

Азыркы учурда эскилиги жеткен мектепте 153 окуучу билим алууда. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 113 млн сомго бааланган.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media
Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу" кант кызылчасын өстүрүүдө жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, быйыл чарбада пилоттук негизде 10 гектарга Германия жана Франциядан алынган эки сорт үрөн себилип, абалы жакшы деп бааланууда. 2025-жылы завод Беларустан атайын комбайндар - жалбырак

Ишкер Media
Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Бүгүн Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Улуу-Тоо айылында 1000 м³ көлөмдөгү суу сактоочу резервуар ишке берилди. Бул тууралуу Ноокат районунун администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Р.Рысбаев, Ноокат районунун акими Н.Керимкулов, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратов жана жергиликтүү тургундар катышты. Курулуш 2025-

Ишкер Media