Бишкектин эки районунда «Өкмөттүн акселераторлор» программасына ишкерлерди каттоо башталды
Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондорунда «Өкмөттүн акселераторлор» программасынын пилоттук долбоорунун алкагында жеке ишкерлерди каттоо башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 100 күндүн ичинде (17-марттан баштап) шаардын жогоруда аталган эки районунда 4000ден ашык баланы камтыган 250дөн ашык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлер каттоодон