Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу банк расмий сайтында билдирди.

КРнын экономикасында оң тенденция сакталып турат. ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 2023-жылдын январь-март айлары ичинде 4.6% түзгөн. Өнөр жай, кызмат көрсөтүү секторлорунда өндүрүштүн өсүшү экономиканын өсүшүнө көбүрөөк салым кошуусун улантууда. Ички суроо-талап чөйрөсү туруктуу кеңейип жатат.

Кыргызстанда керектөө баалары 2023-жылдын башынан тартып 3.2 пайызга өскөн, мында апрель айында (2023-жылдын 14-апрелине карата) жылдык инфляция көрсөткүчү 2022-жылдын декабрь айындагы 14.7% караганда бир аз басаңдап, 10.5% түзгөн. Айрым азык-түлүк товарларына баалардын өсүшү басаңдаганы байкалат. Мурда кабыл алынган акча-кредит саясатынын чаралары инфляциянын бир калыпта төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекетке келтирилген 2 млн сомдон ашык зыян кайтарылды

Мамлекетке келтирилген 2 млн сомдон ашык зыян кайтарылды

Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын жыйынтыгы менен коррупцияга каршы аракеттенүү багытында комплекстүү иштер жүргүзүлүп, мамлекеттик органдарда мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Кочкор райондук прокуратурасы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12 айында райондук прокуратура тарабынан жалпысынан 34 текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 101 мыйзам бузуу аныкталды. Аларды четтетүү үчүн

"Жаш жубайлардын дарак отургузуусу" долбооруна кантип катышса болот?

"Жаш жубайлардын дарак отургузуусу" долбооруна кантип катышса болот?

Бишкекте "Жаш жубайлардын дарак отургузуусу" долбоору уланууда. Анын алкагында жаңы үйлөнгөндөр онлайн катталып, өздөрүнүн атынан борбор калаага дарак отургуза алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Долбоорго катышуу үчүн жубайлар greenair.kg/bishkek сайты аркылуу катталып, дарак отургузула турган жерди тандап, QR-код аркылуу төлөм жүргүзөт. Долбоордун шарттарына ылайык,

Кадамжайда жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран 62,5 миң сом төлөйт

Кадамжайда жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран 62,5 миң сом төлөйт

Кадамжай районунда жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгы жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аңчылыктан коргоо боюнча өткөргөн кезектеги рейдинде С.К. аттуу жаран тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок бир баш жапайы каманды атканын

Протездик-ортопедиялык мекемеге 27 видеокөзөмөл орнотулду

Протездик-ортопедиялык мекемеге 27 видеокөзөмөл орнотулду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде өндүрүш процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо жана коррупциянын алдын алуу максатында видеокөзөмөл системасы күчөтүлдү. Министрликтин маалыматына ылайык, мекеменин өндүрүштүк цехтерине, кампаларына, административдик бөлүгүнө жана аймагына жалпысынан 27 видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Бул система протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо процессин көзөмөлдөөгө, материалда