Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү боюнча кызматташууга кол коюлду

Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү боюнча кызматташууга кол коюлду

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Улуттук комитеттеринин ортосундагы «Сооданы жеңилдетүү жаатында кызматташуу жөнүндө билдирүүгө» кол коюулду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Эске салсак, 25-апрелден 26-апрелге чейин Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана жеке секторлорунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле эл аралык эксперттердин катышуусунда сооданы жеңилдетүү боюнча улуттук комитеттердин тогузунчу аймактык жыйыны өтүүдө.

Мындан тышкары, катышуучулар эл аралык эксперттердин жана ДСУнун адистеринин сооданы жеңилдетүү жаатындагы тенденциялары жана жетишкендиктери, ошондой эле соода процедураларын санариптештирүү жана маалыматка жетүүнү жакшыртуу боюнча демилгелер менен тааныштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Борбордук Азия жана Азербайжандын президенттери жолугушат

Борбордук Азия жана Азербайжандын президенттери жолугушат

30-июлдан 1-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка таянсак, жолугушууга президент Садыр Жапаров, Азербайжандын рпрезиденти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын  президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар

Салык кызматы: Фискалдык система пилоттук долбоордо оң жыйынтык көрсөттү

Салык кызматы: Фискалдык система пилоттук долбоордо оң жыйынтык көрсөттү

Мамлекеттик салык кызматы 31-июлда маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жыйынтыктайт. Салык кызматынын маалыматына ылайык, пилоттук долбоор Бишкек, Манас жана Ош шаарларында коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу, ошондой эле мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкердик субъекттеринин катышуусунда жүргүзүлдү. Жалпысынан

Шавкат Мирзиёев I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Шавкат Мирзиёев I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Президенти Садыр Жапаров 30-июлда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Мамлекеттик сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери болуп көрбөгөндөй

Ошто Улуу Британия менен инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү маселеси талкууланды

Ошто Улуу Британия менен инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин аймактык экономикалык өнүгүү маселелери боюнча кеңешчиси Чарли Моррис менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар Ош шаарынын экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле аялдар менен жаштардын ишкердик демилгелерин өнүктүрүү боюнча кызматташуу