Катар мамлекети Бишкектеги оорукананын курулушуна 1 млн доллар берди - курулуш 1 жылда бүтөт
Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына кошумча оорукана курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдиргенин министрликтин маалымат кызматы билдирди. Анын айтымында, оорукана 75 орунга ылайыкталып, заманбап медициналык жабдуулар орнотулган 3 кабаттуу имарат болот. Бейтапкананын негизги бөлүгүн хирургия жана кайра жандандыруу бөлүмдөрү түзөөрү пландалууда.