МИК аркылуу берилүү үчүн Бишкекте 6 миңден ашык батирлер салына башталды

МИК аркылуу берилүү үчүн Бишкекте 6 миңден ашык батирлер салына башталды

Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлер салынып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курулуш региондордо дагы башталды. Мисалы, Нарында долбоору даярдалып жатат. Кумтөр берген акчаларына салып, МИК аркылуу берилет.

«Таласта да долбоор өз нугунда кетип жатат. Аларга да «Жерүй» берген акчасына салып, МИК аркылуу берели деп жатабыз. Жалал-Абадда 200дөн ашык батир салынып жатат», — деди. Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

"Даяр лицензия сатылат" деген жарыяларга ишенбеңиз – министрлик эскертти

"Даяр лицензия сатылат" деген жарыяларга ишенбеңиз – министрлик эскертти

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды жана курулуш компанияларын лицензияны ортомчулар аркылуу эмес, мыйзамдуу тартипте алууга чакырды. Министрлик социалдык тармактарда тараган "даяр лицензия сатылат" жана "лицензияны тез алып беребиз" деген жарыялардан этият болууга үндөдү. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча курулуш лицензиясы сатылбайт жана

Кыргызстан менен Түркия киберкылмыштуулукка каршы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Түркия киберкылмыштуулукка каршы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстандын жана Түркиянын өкүлдөрү Анкарада жолугуп, коопсуздук, укук коргоо органдарынын кызматташуусу жана кыргызстандык милиция кызматкерлерин окутуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана Ички иштер министрлигинин Түркиядагы өкүлү Манас Аманбаев Түркиянын Коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Али Фидан менен жолугушту. Жолугушууда

Алдамчылыкка айыпталган адам чет жерден алынып келинди

Алдамчылыкка айыпталган адам чет жерден алынып келинди

Башкы прокуратура тарабынан Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгында, эл аралык издөөдө жүргөн алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталган А.А. Кыргызстанга алынып келинип, тергөө абагына киргизилди. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жараны А.А. жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып,

Кыргызстанда жер семирткичтер менен камсыздоо 49,6%га жетти

Кыргызстанда жер семирткичтер менен камсыздоо 49,6%га жетти

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо 49,6%ды түздү. Учурда өлкөгө 90 миң тоннадан ашык жер семирткич жеткирилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 90 миң 387,4 тонна минералдык жер семирткич камсыздалды. Анын ичинде: азоттук – 51 миң 498 тонна (53,5%