«Кытай — Борбордук Азия» экономика жана соода министрлеринин биринчи жолугушуусу өттү

«Кытай — Борбордук Азия» экономика жана соода министрлеринин биринчи жолугушуусу өттү

Кытайдын жана Борбордук Азиянын мамлекеттеринин экономика жана соода министрлеринин биринчи жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Такталгандай, жыйынга КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, КЭР коммерция министри Ван Вэнтао, Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Завка Завкизода, Түркмөнстандын соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Бегенч Гочмоллаев жана Өзбекстандын инвестициялары, өнөр жай жана соодасы Лазиз Кудратов катышты.

Экономика жана соода министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги жолдорун белгилешти жана «Кытай-Борбор Азия» форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча документтердин долбоорлорун жактырышты.

2023-жылдын май айында Кытайдын Сиань шаарында 6 өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда «КЭР-БА» биринчи саммитинин алкагында кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media