Бишкекте №20 бала бакчада реконструкциялоо иштери уланууда
Бишкекте капиталдык курулуш башкармасы №20 балдар бакчасын реконструкциялоодо. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакча Нарвская, 74 дарегинде жайгашкан. Бүгүнкү күндө иштердин 57% аяктады. Терезелерди орнотуу, имараттын профилин өзгөртүү жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда бакчанын аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер улантылууда. Бала бакча 130 балага ылайыкталган.