Транспорт
Өлкө аймагында жолдор иретке келтирилип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары өлкө аймагындагы унаа жолдорунун абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 220–269.9-чакырымдарында жол жээктерин кырып-сүрүү, суу өткөрүүчү түтүктөрдү тазалоо жана бузулган тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.