Россияда кыргызстандык жаран 2 млн рубль төлөм алды

Россияда кыргызстандык жаран 2 млн рубль төлөм алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жаранга багуучусун жоготкондугу боюнча социалдык төлөм алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүк Россиянын тиешелүү органдары менен иш алып барып, натыйжада 2026-жылдын 10-мартында Россиянын Социалдык фонду тарабынан 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм берилди.

Мындан тышкары, каза болгон жарандын жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте чет элдик валюталардын куну төмөндөдү

Бишкекте чет элдик валюталардын куну төмөндөдү

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 22-июнга карата негизги чет элдик валюталардын курсу төмөндөдү. Бул тууралуу valuta.kg мониторингинин маалыматтары кабарлайт. Саат 11:55ке карата Моссовет аймагындагы АКШ доллары 87,39 сомдон сатып алынып, 87,81 сомдон сатылууда. Евро валютасы да арзандап, акча алмаштыруучу жайларда 99,97 сомдон сатып алынып, 100,

Таласта 10 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Таласта 10 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Талас районунда курамында баңгизат бар 10 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында текшерүү жүрдү. Райондун аймагынан жапайы кара куурай өскөн тилкелер аныкталып, өсүмдүктөр чабылып, өрттөлдү. Ички иштер органдары калк арасында баңгизаттардын

Бишкекте велосипед үчүн атайын жолдор чийилүүдө

Бишкекте велосипед үчүн атайын жолдор чийилүүдө

Шаардык велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында Токтогул көчөсүндө веложол үчүн жаңы бөлгүчтөр коюлууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи сыноо тилкеси – Токтогул көчөсү Айтматов проспектисинен тартып Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү болот. Бул тилкеде бөлгүчтөрдү орнотуунун натыйжалуулугу алардын жол кыймылынын коопсуздугуна жана бардык жол катышуучуларына тийгизген таасири бааланат.

Комитетте геопарктарды түзүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Комитетте геопарктарды түзүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

22-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйындын жүрүшүндө депутаттар Камила Талиева жана Марлен Маматалиев демилгелеген “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан