Сурабалдиева Кемпир-Абадды берүүгө каршы добуш берген 18 депутатка кысым көрсөтүлгөнүн жана коркутуу болгонун айтты
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы добуш берген депутаттарга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кысым көрсөтүп, коркутуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди. Ал каршы чыккан 18 депутаттын укугун коргобой жаткан спикер Нурланбек Шакиевдин ишине нааразычылыгын айтты. “Айтмакчы, кечээ менин туулган күнүм