Кыргызстандык айымдар баштаган эки стартап ПРООНдон 10 миң доллардык грант алды
Кыргызстандык аялдардын эки стартапы БУУӨП (ПРООН) аймактык акселерация программасынан (BOOST социалдык инновациялар программасы) 10 миң доллар өлчөмүндө грант алышты. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. “Новатор аялдар” программасы 2022-жылдын февраль айында башталган. Европадан жана Борбордук Азиядан жалпысынан 288 стартап, чакан жана орто бизнес, коммерциялык эмес жана академиялык мекемелерден