2023-жылы 10 миң жарды үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет

2023-жылы 10 миң жарды үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет

Келерки жылы Кыргызстанда 10 миңдей жакыр үй-бүлөгө жөлөкпулдун ордуна жеке бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет. Бул маалыматты Эмгек министрлиги берди.

Министрлик быйылкы жылдан тартып элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча жаңы активдүү чараларды ишке ашырып жатканын билдирди. Мамлекет кирешеси аз үй-бүлөлөр менен социалдык келишимдерди түзүп, ага жараша чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сом төлөөсүз берет.

Быйылкы жылдын башынан бери 2 900 үй-бүлө өз ишканаларын (теплица, брусчатка куюу, унаа оңдоо, ширетүүчү жайларды, мал чарбачылык, жеке чарбалар ж.б.) ачышты, деп билдирет министрлик.

Кийинки жылы Эмгек министрлиги мындай келишимдерди 10 миң жарды үй-бүлө менен түзүүнү пландоодо. «Негизги принцип — балык эмес, кайырмак берүү», — деп эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин сөзүн келтирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, бизнес ачуу үчүн бир жолку төлөм алуучулар мамлекеттик жөлөкпулдарды алуудан баш тартышы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media