Бактынур Абдиева

«Кыргызалтын» россиялык «Березовский рудник» менен бирге алтынды бөлүп алуунун жаңы ыкмасын колдонмокчу

10-апрелде Екатеринбург шаарында «Кыргызалтын» ААК менен «Березовский рудник» ири тоо-кен компаниясынын ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу «Кыргызалтындын» маалымат кызматы билдирди. Тараптар Кыргызстан менен Россия ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелерин талкуулашып, эки өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү маселелерине басым жасашты. «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат

Айыл чарба министрлиги Ош облусундагы дарыянын нугун буруу долбооруна 10 млн сом жумшамакчы

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба курулушу боюнча дирекциясы Тегирмеч дарыясынын агымынын бир бөлүгүн Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Сай өзөнүнө өткөрүү боюнча долбоордук-изилдөө иштерине 10 млн сом жумшамакчы. Конкурстун шарттары мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган. Сынактын шартына ылайык, эки жумадан кийин сунуштарды жөнөтүү мөөнөтү аяктайт. Объектти каржылоонун жалпы пландалган көлөмү

Каныш-Кыя айылында 5 млн сомго чакан ГЭС куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында муниципалдык чакан ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн эл менен жолугушуусунда район акими Алтынбек Сенирбаев билдирди. Азыркы учурда жергиликтүү бюджеттен долбоорлоо жумуштарына 5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Чакан ГЭС 5 МВт өлчөмүндөгү электр энергиясын өндүрүп, жергиликтүү казынанын жыл сайын 60 млн

Беловодское айылындагы ипподром мамлекеттин менчигине кайтарылды

Прокуратура Чүй облусундагы Беловодское айылындагы ипподромду мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Чүй облусунун Москва районунун прокуратурасы Первомайский айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында, 2002-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жер-агрардык реформа борбору ипподром жайгашкан 28 гектар жер тилкесин «А-В-А-С»

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Россияга караганда 10 эсеге көп төлөнөт

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата Кыргызстандагы ардагерлердин ар бирине 100 миң сомдон жөлөк пул берилет. Economist.kg Кыргызстан менен Россиядагы ветерандардын бир жолку төлөмдөрүн салыштырды. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон төлөнөт. Бул жылы ал төлөмдү 68 адам алат. Бир жолку

Жыл башынан бери Кыргызстанга 1.5 млрд долларлык товар кирсе, экспорт 255 млн доллардан ашты

Улутстаткомдун маалыматы боюнча, быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандан 255.6 млн долларлык товар экспорттолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.2%га көбүрөөк. Ал эми ошол эле мезгилде импорт 1.3 млрд долларды түзгөн. Жалпы экспорттун 161.2 млн доллары (63.1%), ал эми импорттун 384.1 млн доллары (26.

Быйыл Ала-Бука – Чаткал жолунун курулушу башталат

Чаткал районунун тургундарынын жол маселесин чечүү максатында ушул жылы 173 чакырым жолдун курулуш иштери башталат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун тургундары менен өткөн жолугууда билдирди. Облус башчысы маалымдагандай, бул жылы Ала-Бука – Чаткал унаа жолунун 173 чакырымынын 50 чакырымын бүткөрүү пландалган. Азыркы учурда долбоорлоо

Экономика

Кыргызстанда I кварталда баалар 3.2%га өстү – Улутстатком

Быйылкы жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда инфляция 3.2%ды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди. Белгиленгендей, азык-түлүк товарларынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 3.6%га, азык-түлүк эмес товарлардын баалары — 2.1%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамекилердин баалары — 4.7%га өсүп, калкка

Экономика

Япония Баткенге 5.3 млн долларга жол техникасын сатып берет - ал келерки жылдын май айында келет

Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинен (JICA) 5.3 млн долларлык гранттык жабдуулар Баткенге 2024-жылдын май айында келет. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети минкаб менен JICAнын ортосундагы «Баткен облусунун автожолдорун тейлөө боюнча техниканы жакшыртуу» долбоору боюнча гранттык

Экономика

Россия Кыргызстандын бардык складдарын параллелдүү импорт менен толтуруп салды – бош жер калган жок

Быйылкы жазга карата кошуна өлкөлөр аркылуу Россияга параллелдүү импорттун көлөмүнүн өсүшү ЕАЭБдеги мамлекеттердин, дагы кээ бир өлкөлөрдүн дээрлик бардык складдарынын толушуна алып келди. Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Арменияда жана Грузияда склад катары колдонулган бош кыймылсыз мүлк калбай калган. Бул тууралуу россиялык «Коммерсант» басылмасы жазып чыккан. Басылма NF Group консалтингдик компаниясынын (мурдагы

Чу дарыясы 150 гектардан ашык жерди каптап кеткен — бийлик анын жээктерин бекемдөөнү унутуп калган

Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жетишсиз каржыланышы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айылына жакын 150 гектар жерди жоготууга алып келген. Бул тууралуу айыл тургундары Жогорку Кеңештин депутаттары жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышкан дарыялардын жээктерин бекемдөө маселесин талкуулоо учурунда айтышты. Жашоочулар акыркы маалыматтар боюнча 150 гектардан ашык жерди суу каптап, Чүй

Казакстан эки жылга дизель майын жана авиакеросинди экспорттоого тыюу салды — бирок баарына эмес

Казакстан мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу «Әділет» маалыматтык-укуктук системасынын порталында жарыяланган Казакстандын энергетика министринин 24-мартындагы буйругунда жазылган. «2024-жылдын 31-декабрына чейин бул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мунай продуктуларынын түрлөрүн Казакстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга тыюу салынат», — деп айтылат энергетика министринин буйругунда. Төмөнкүлөрдү экспорттоого ты