Япония Баткенге 5.3 млн долларга жол техникасын сатып берет - ал келерки жылдын май айында келет

Япония Баткенге 5.3 млн долларга жол техникасын сатып берет - ал келерки жылдын май айында келет

Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинен (JICA) 5.3 млн долларлык гранттык жабдуулар Баткенге 2024-жылдын май айында келет. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети минкаб менен JICAнын ортосундагы «Баткен облусунун автожолдорун тейлөө боюнча техниканы жакшыртуу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну жактырды.

Документке ылайык, жапон тарап 53 даана атайын техника, майдалоочу жабдууларды сатып алып, жалпы суммасы 5.3 млн долларга асфальт-бетон заводун куруп, Кыргызстанга өткөрүп берет.

Депутат Таалайбек Масабиров техника Баткен облусуна кийинки жылдын май айында келерин билдирди. Маселени карап чыгып, парламентарийлер бул долбоорду дароо үч окуудан өткөрүп, колдоп беришти.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл