Чынгыз Керимбеков

«Кыргызмамжердолбоорлоонун» кызматкерлери мамлекетке 52.4 млн сомго зыян келтирген – УКМК

Бийлик

«Кыргызмамжердолбоорлоонун» кызматкерлери мамлекетке 52.4 млн сомго зыян келтирген – УКМК

Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын

Унаа жуучу жайларга салынган чектөөлөр алынды

Коом

Унаа жуучу жайларга салынган чектөөлөр алынды

Борбордогу калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун абалы турукташып калды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди. Такталгандай, Ала-Арча суусу жана Чоң-Алыш каналы аркылуу жер үстүндөгү суунун жетишээрлик көлөмдө агып киришине байланыштуу «Орто-Алыш» башкы суу топтомосунун бардык азыктандыруучу көлдөрү толтурулду. Башкы суу топтомодон берилген ичүүчү суунун агып түшүү топтому май айынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу

Кыргызстанда 765 комбайн дан эгиндерин жыйнап жатат

Экономика

Кыргызстанда 765 комбайн дан эгиндерин жыйнап жатат

Бүгүнкү күндө республика боюнча 1944 комбайндын ичинен 1551 даярдалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Чүй, Ош облустарынын чарбаларында комбайндардын ишке даярдыгы 94-90%, ал эми Жалал-Абад облусунда 88%, Баткен жана Талас облустарында 75%, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 57-61% түзөт. Азыркы учурда республика боюнча кылкандуу дан эгиндерин 765

Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар

Экономика

Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар

Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар. Бул тууралуу Чолпон-Атада өткөн «Кыргызстан-Азербайжан» бизнес-форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айтты. Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы бекем саясий эрк жана ишенимдүү диалог соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка маанилүү тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын жаңы горизонтторун ачат. Ал форумдун алкагында айыл чарба, эт жана

Салык кызматы 7-августка чейин жеке жактар тапшырган бардык салык декларацияларын жок кылат

Бийлик

Салык кызматы 7-августка чейин жеке жактар тапшырган бардык салык декларацияларын жок кылат

Салык кызматы 2023-жылдын 7-августуна чейин «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамына ылайык (9-июнда күчүнө кирген) жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык салык декларацияларын жок кылат. Салык кызматына мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден башка жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык декларацияларды жок кылуу тапшырылган. Жок

Кыштан көйгөйсүз чыгабыз – Садыр Жапаровдун убадасы

Коом

Кыштан көйгөйсүз чыгабыз – Садыр Жапаровдун убадасы

Келе жаткан кыш мезгилинде электр энергиясынан көйгөй жаралат деп сарсанаа болууга негиз жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү электр энергиясын тиешелүү маселелердин баарын координациялоого шарт түзөрүн белгиледи. «Элибиздин электр энергиясы боюнча сарсанаа болуусуна эч негиз жок. Өзгөчө кырдаал

«Бишкекжарыктын» автопаркы 3 атайын техника менен толукталды

Коом

«Бишкекжарыктын» автопаркы 3 атайын техника менен толукталды

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын автопаркына 3 автомунара алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, 2 даана Isuzu DLQ5022JGKJ5 автомунара, кабинанын узундугу 18 метрди түзөт. 22 метрлик жүк ташуучу Dongfeng EQ1060TJ20D3 унаа. Ишкананын бригадасы автомунараларды иш жүзүндө сынап жатат. Беш орундуу унаалар авария болгон же шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу тармактары бузулган жерде

Мамлекет дыйкандардан 40 миң тонна буудай сатып алат

Бийлик

Мамлекет дыйкандардан 40 миң тонна буудай сатып алат

2023-жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу аркылуу сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, клейковинасы 23%дан кем эмес 40 миң тонна аштык буудайды сатып алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Министрлик  тарабынан 40 миң  тонна  көлөмдөгү  аштык буудайдын квотасын облустарга,  ал эми облустар райондорго бөлүштүрүп берилген. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы

Кыргызстан Астанага 25 млн сомдук Манастын коло эстелигин орнотот

Коом

Кыргызстан Астанага 25 млн сомдук Манастын коло эстелигин орнотот

Кыргызстандын Маданият министрлиги Астанага Манастын эстелигин орнотот. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды. Демек, порталдын маалыматына караганда, мекеме 25 млн сом сарптайт. Конкурстук мөөнөтү 31-июлга чейин созулат.

Аксы районунда ашар жолу менен курулган мектептин ордуна жаңы имарат курулат – төрага тапшырма берди

Коом

Аксы районунда ашар жолу менен курулган мектептин ордуна жаңы имарат курулат – төрага тапшырма берди

Аксы районунун Жаңы-Жол айылында жайгашкан №10  Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектеби ашар жолу менен курулган. Анын ордуна жаңы имарат курулат. Бул тууралуу тапшырманы ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев берди. Эске салсак, Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты. Жаңы-Жол айылынын мектебинде 900гө жакын окуучу билим алган.

Кыргызстан кореялык Sky Industrial Group менен лифт куруу тармагын өнүктүрүүнү ниеттенүүдө

Экономика

Кыргызстан кореялык Sky Industrial Group менен лифт куруу тармагын өнүктүрүүнү ниеттенүүдө

Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев лифт куруу тармагындагы кореялык Sky Industrial Group жана «Кыргыз лифт ассоциациясы» Коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди. Холдинг жана «Кыргыз лифт» кластердик ыкманы колдонуу менен Кыргызстанда лифт куруу сыяктуу жаңы өнөр жай тармагын өнүктүрүүнү илгерилетүү максатында Корея менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүрүшү бир жылда төрт эсеге өстү

Экономика

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүрүшү бир жылда төрт эсеге өстү

2023-жылдын алты айында Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 17 млн доллардан ашты, бул 2022-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу төрт эсеге көп. Бул тууралуу Азербайжандын вице-премьер-министри Али Жавад оглы Ахмедов кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда билдирди. Жолугушууда ал өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 19%га өсүп, 10.8 млн