Бишкекке Twitter, Marvell, Mozilla жана Google компанияларынын алдыңкы эксперттери келет
21-апрелде Бишкекте IT тармагындагы айымдар үчүн «Кремний өрөөнүндөгү STEM айымдары: Ийгиликтин ачкычы» аттуу иш-чара өтөт. Конференцияда Twitter, Marvell, Mozilla жана Google спикерлери катышат. Иш-чара TechWomen программасынын бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулууда, ал Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүндөгү STEM (илим, технология, инженерия жана математика) тармагында иштеп, өзүн ишке ашырган аялдар үчүн