Коом
Таласта 2015-жылы башталган мектептин курулушу аяктады
Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы А. Калыбаев атындагы 225 окуу орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди. Объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген. Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 2517 чарчы метрин түзөт.