“Дордой-моторс” базарынынын митингчилери баш калаанын мэри менен жолукту

“Дордой-моторс” базарынынын митингчилери баш калаанын мэри менен жолукту

Базардын соодагерлери менен шаар мэри Айбек Джунушалиев жана базардын ээси Аскар Салымбеков жолугушту. Ишкерлердин талаптарын уккан муниципалитеттин башчысы андан ары талкууну Ленин администрациясына чакырды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Ишкерлердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда Айбек Джунушалиев бир катар митингчилердин бул маселени сүйлөшүү үстөлүндө талкуулоо тууралуу пикирине макул болду.

Кеңешмеге Ленин районундагы дээрлик бардык базарлардын профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Эске сала кетсек, бүгүн базардын соодагерлери кассалык аппараттарды жоюп, патент киргизүүнү талап кылып митингге чыгышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн алкагында 10-июнь шаарда 10 заманбап сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясыныны басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин каралбай келген аймактар толугу менен жаңыланып, тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларына айланды. Бардык иштер “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президенти Садыр Жапаров кабыл алды. Азыркы учурда жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу республикалык бюджеттин эсебинен бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланат. Ошол эле учурда балдардын ден

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан ташылып келе жаткан 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан 10-июнда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт автожолу” постунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде, Кытайга таандык 24,

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол