Ысык-Көлдө маркум Камчы Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдө маркум Камчы Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан Н.Р.Р. аттуу жараны 2022-жылдын март айында “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасы менен 115 га жерди (айдоо жерди) ижарага алуу келишимин түзгөнү аныкталды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.Р.Р. тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский а/а 80 гектар жана Семеновский а/а 35 гектар жер тилкесин пайдаланганы аныкталган.

Ошол эле учурда Н.Р.Р. К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын (бодо мал, ж.б.) багып, аларды багуу үчүн тоют өстүрүп, ошону менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келген.

Учурда КР УКМК тарабынан Ысык-Көл районундагы көрсөтүлгөн 115 гектар жер, “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын жери мамлекетке кайтарылып берилди.

КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Электр чыгырыктар жана велосипеддер тыгынга каршы: эмне үчүн бишкектиктер жеке мобилдүүлүктү тандашат

Электр чыгырыктар жана велосипеддер тыгынга каршы: эмне үчүн бишкектиктер жеке мобилдүүлүктү тандашат

Акыркы жылдары Бишкектин көчөлөрүндө электр чыгырык, велосипед жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарынын саны өсуп жатат. Көпчүлук тургундар үчүн бул шаар ичинде, айрыкча жолдор тыгынга толгон кезде, тезирээк жүрүүнүн бир жолу болуп эсептелет. Ошол эле учурда шаарда жеке мобилдүүлүк каражаттарына чектөөлөр киргизилди: 2026-жылы уруксат берилген эң жогорку ылдамдык 25тен 15

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапар менен барат

Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапар менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, сапардын алкагында ал Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян жана бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолугушат. Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө катышат. Кыргызстандын экономика,

Ишкер Media
2025-жылдын бюджети 51 млрд сом профицит менен аткарылды

2025-жылдын бюджети 51 млрд сом профицит менен аткарылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде 2025-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаевдин маалыматына ылайык, 2025-жылы бюджеттин кирешеси 606 млрд сом пландалып, 615 млрд сом аткарылган. Чыгашалар 590 млрд сом планда 564

Ишкер Media
Бишкекте 20 жаңы мектеп курулду

Бишкекте 20 жаңы мектеп курулду

Борбор калаада 20 жаңы мектеп бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалым болгондой, бүткөрүлгөн мектептердин бири - Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1200 орундуу мектеп. Мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Заманбап мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган. Курулуш толук

Ишкер Media