Бийлик
Бишкекте Свердлов районунун сотунун судьясы кармалды
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. (Акылбек Адимов) ири өлчөмдө пара алгандыгы үчүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу мекеме билдирди. Мурда маалым болгондой, 2023-жылдын 27-сентябрында ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен