Өкмөт кытайлык компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Өкмөт кытайлык компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык China North Industries Group Corporation Limited (Norinco) компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында кызматташуунун багыттарын, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүн жогорулатуу, геология жана геологиялык чалгындоо маселелерин талкуулашты.

Жапаров эки тараптуу мамилелерди активдүү бекемдөөгө өбөлгө боло турган ар тараптуу кеңири чөйрөдө мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Norinco өкүлдөрү өкмөткө компания көрсөткөн кызматтардын географиясы тууралуу айтып беришти, аны менен катар сунушталып жаткан кызматташуу үчүн эң пайдалуу багыттарды белгилешти.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Баткендин тоолуу аймагынан Северцов аркары кездешти

Баткендин тоолуу аймагынан Северцов аркары кездешти

Баткен облусунун тоолуу аймагынан Северцов аркары кездешти. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жаныбар министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын аңчы-егерлери жүргүзгөн рейд учурунда байкалган. Адистер аркардын абалына байкоо жүргүзүп, анын табигый чөйрөдө жүргөнүн белгилешти. Министрликтин маалыматына караганда, жапайы жаныбарлардын адамдарга жакын аймактарда кездешүүсүнө жашоо

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Черногориянын туризм министри, БУУнун Туризм боюнча Европа комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар туризм тармагындагы кыргыз-черногориялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анын ичинде өз ара туристтик алмашуу, түз аба каттамдарын көбөйтүүнү жана жарандардын өз

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Нарын облусунун Жумгал районунда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун боюнда уруксат документтери жок иштеп келген коомдук тамактануу жайы буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында