Чынгыз Керимбеков

2024-жылы Кыргызстандын бюджетинин жалпы кирешеси 378.4 млрд сомду түзөт

Экономика

2024-жылы Кыргызстандын бюджетинин жалпы кирешеси 378.4 млрд сомду түзөт

2024-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378 млрд 437.9 млн сом суммасында каралган. Бул тууралуу ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Руслан Сүйналиев билдирди. Такталгандай, 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы суммасы финансылык активдерди эсепке албаганда 358.8 млрд сом өлчөмүндө

Монголиялык Bodio’s кашемир фабрикасы кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга даяр

Бизнес

Монголиялык Bodio’s кашемир фабрикасы кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга даяр

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Bodio’s кашемир фабрикасынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө фабриканын жетекчиси анын өндүрүшүнүн топоз жана эчкинин мамысын кайра иштетүү, даяр кийимдерди чыгаруу жана аларды ийгиликтүү экспорттоо боюнча 30 жылдык тажрыйбасын белгиледи. Анын айтымында, фабриканын продукциясынын 60% Москва жана Новосибирск шаарларына экспорттолуп,

Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Коом

Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Жалал-Абадда 639 батирден турган "Асман резиденс" ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Долбоорду ишке ашыруу тууралуу президентинин иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн. Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1.6 гектар жер

Кыргызстан менен БАЭ “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” холдингин түзүү маселесин кайрадан талкуулашты

Экономика

Кыргызстан менен БАЭ “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” холдингин түзүү маселесин кайрадан талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары – БАЭ) болгон жумуш сапарынын алкагында БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Тараптар КРда инвестициялык долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн негиз боло турган “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” биргелешкен холдингинин ишмердүүлүгүн талкуулашты. Бул багытта

Бишкектин коомдук транспортунда накталай эмес төлөм боюнча рейд уланууда

Коом

Бишкектин коомдук транспортунда накталай эмес төлөм боюнча рейд уланууда

Бишкектин коомдук транспорттор накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Буга байланыштуу “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы ыктыярчылар менен биргеликте коомдук транспорттордо айдоочуларды көзөмөлдөө жана шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Күн сайын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык

Депутаттык топ төрага менен биргеликте Нарын облусун иш сапары менен кыдырып башташты

Бийлик

Депутаттык топ төрага менен биргеликте Нарын облусун иш сапары менен кыдырып башташты

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламент билдирди. Алгач төрага Кочкор районуна караштуу Орток айылында жайгашкан А.Жалпетеков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Шакиев окуучулар үшүбөй, жылуу класстарда билим алышы керектигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге оңдоп-түзөө иштерин тез арада бүткөрүү талабын

Иран Кыргызстандын төө буурчагына “Ден соолук сертификатынын” жойду

Экономика

Иран Кыргызстандын төө буурчагына “Ден соолук сертификатынын” жойду

2023-жылдын 9 айынын ичинде Иранга төө буурчактын экспорттук көлөмү 5.6 миң тоннаны түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Мындан тышкары ушул эле убакытта төө буурчак ири көлөмдө Турцияга – 8.1 миң тонна, Россияга – 7.8 миң тонна, Сербияга – 3.3 миң тонна, Грузияга – 1.4 миң тонна, Индияга

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11.8 млрд куб метрди түздү

Экономика

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11.8 млрд куб метрди түздү

2023-жылдын 16-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 873 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 300 куб метрди түзүп, сууну керектөө секундасына 170 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Бишкек – Ош жолунда кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды

Коом

Бишкек – Ош жолунда кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды

Бишкек – Ош унаа жолу аркылуу кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар жана минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди. Маалыматка ылайык, чектөөлөр 2023-жылдын 15-октябрынан 2024-жылдын 1-майына чейин киргизилди. Мындай чечим кыш мезгилинде жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында кабыл алынган. Учурда ЖКККББнын кызматкерлери автобекеттерде маршруттук унаалардын айдоочуларына

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманканын курулушу башталды

Гранттар жана кредиттер

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманканын курулушу башталды

Ысык-Көлдө дагы бир 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, эми Кыргызстан мындан ары мыйзам үстөмдүк кылган, ар бир жаран тартипке баш ийген, туристтер жана инвесторлор үчүн эң коопсуз өлкөгө

2024-жылдан баштап соода ишине патент жокко чыгарылат

Бизнес

2024-жылдан баштап соода ишине патент жокко чыгарылат

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотула тургандыгын маалымдайт. Ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек. Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат: • жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык

ӨКМге россиялык Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды

Бийлик

ӨКМге россиялык Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россиядан Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында болгон. "Тик учак бардык аппараттары менен алынды. Лебедка, кычкылтек аппараты, медициналык модуль, өрт өчүрүүчү