2024-жылы Кыргызстандын бюджетинин жалпы кирешеси 378.4 млрд сомду түзөт

2024-жылы Кыргызстандын бюджетинин жалпы кирешеси 378.4 млрд сомду түзөт
Photo by Mike Dudin / Unsplash

2024-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378 млрд 437.9 млн сом суммасында каралган. Бул тууралуу ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Такталгандай, 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы суммасы финансылык активдерди эсепке албаганда 358.8 млрд сом өлчөмүндө белгиленет. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 19.6 млрд сомду же ИДПга карата 1.6%ды түзөт

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында Ботбаев көчөсүндө курулуп жаткан тротуарга тоскоолдук жараткан өз алдынча курулган үч чарба курулушу жана бир дубал буздурулду. Калаа жетекчилигин басма сөз кызматы билдиргендей, иштер жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле жанжолдун курулушун үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн аткарылды. Шаар аймагында тургундардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иштер мындан ары да

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы Элчиси болуп дайындалды

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы Элчиси болуп дайындалды

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык жүргүзүлдү. Буга чейин Президенттин Жарлыгы менен Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №88 жалпы билим берүү мектебине 500 орундуу жаңы окуу имараты курулуп, учурда иш аяктоо алдында турат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ал заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу мекеме болот. Анын жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында окуучулар

Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Кыргызстанда 2026-жылдын I жарым жылдыгында керектөө баалары жана тарифтер 5,5% өстү. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь-июнь айларында керектөө баалары 4% өскөн. Быйылкы жылдын биринчи кварталында баалар 3,3%га, экинчи кварталында 2,2%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты. Кайсы азык-түлүктөр кымбаттады? Жыл башынан