Экономика
Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү объектилер боюнча макулдашууну ратификациялады
Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү казакстандык объектилерге менчик укуктарын жөнгө салуу жана жер тилкелерин ижарага алуу боюнча Кыргызстан менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу Казакстан парламентинин жогорку палатасынын аппарат жетекчиси Максим Споткай билдирди. Анын айтымында, документтер Ысык-Көл облусундагы казакстандык курорттук-рекреациялык объектилердин ишмердүүлүгү үчүн бирдиктүү укуктук негизди түзөт. Тактап айтканда, объектилерге менчик укугун