Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү объектилер боюнча макулдашууну ратификациялады

Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү объектилер боюнча макулдашууну ратификациялады

Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү казакстандык объектилерге менчик укуктарын жөнгө салуу жана жер тилкелерин ижарага алуу боюнча Кыргызстан менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу Казакстан парламентинин жогорку палатасынын аппарат жетекчиси Максим Споткай билдирди.

Анын айтымында, документтер Ысык-Көл облусундагы казакстандык курорттук-рекреациялык объектилердин ишмердүүлүгү үчүн бирдиктүү укуктук негизди түзөт. Тактап айтканда, объектилерге менчик укугун бекемдөө жана алардын алдындагы жер тилкелерин ижарага тариздөө каралган.

Документтер төмөнкүлөрдү карайт:

  • Казакстандын менчигине төрт объект бекитилет: "Казакстан" санаторийи, "Самал" эс алуу үйү, "Университет" спорттук-ден соолукту чыңдоо лагери жана "Олимп" спорттук-ден соолукту чыңдоо борбору;
  • жер тилкелери 49 жылга ижарага берилет, жалпы аянты — 58,8 гектар;
  • объектилерди (бир базадан тышкары) 3–4 жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине чейин модернизациялоо милдеттенмеси 2029-жылдын аягына чейин узартылат жана жыл бою иштөө режими каралат;
  • кыргыз тарап объектилер максаттуу пайдаланылган шартта аларды алып коюу чараларын көрбөөгө кепилдик берет.

Депутат Нурия Ниязованын айтымында, макулдашуу инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн да карайт. Учурда Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги долбоордук-сметалык документацияны жана инвестициялык келишимдердин долбоорлорун даярдоодо.

Эске салсак, 2025-жылдын декабрында макулдашуу Казакстандын Мажилисинде ратификациядан өткөн. Ал эми 2025-жылдын 27-майында Кыргызстандын президенти ушул эле объектилер боюнча Казакстан менен түзүлгөн эки протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койгон. Муну менен кыргыз тарап ички мамлекеттик процедураларды аяктаган.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media