МИК: ипотекага батир алууга 9.5 миң адам банкта кезекте турат
Азыркы тапта 60 миңдей жаран каттоого арыз таштап, 9.5 миң жаран банктарга кезекке турушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуусунда билдирди. Төлөгөнованын айтымында, 2022-жылдын аягында компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3.8 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Шакиев