Мамлекеттик «Айыл Банк» капиталынын көлөмү боюнча лидер аталды. Рейтинг - 2022

Мамлекеттик «Айыл Банк» капиталынын көлөмү боюнча лидер аталды. Рейтинг - 2022

2022-жылы Кыргызстандагы коммерциялык банктардын капиталынын көлөмү 49%га – 59.5 млрд сомдон 88.7 млрд сомго чейин өстү.

Economist.kg жылдык отчетторду изилдеп көрүп, «Айыл Банк» капиталы боюнча коммерциялык банктардын арасында абсолюттук лидер экенин аныктады. Анын капиталы 4.2 млрд сомдон 11.7 млрд сомго (+177%) өскөн.

ТОП-5ке ошондой эле төмөнкү банктар кирген:

  • «Оптима банк» — 8.5 млрд сом (+28%)
  • «РСК банк» — 8 млрд сом (+118%)
  • KICB – 7.2 млрд сом (+17%)
  • «Бакай банк» — 7 млрд сом (+126%).

Өткөн жылы «Керемет Банк» капиталын 6.8 млрд сомго чейин көбөйтсө да, рейтингде экинчи орундан 6-орунга түшүп кеткен.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын минималдуу уставдык капиталын 600 млн сомго чейин көбөйтүү талабын эки гана банк — Евразия сактык банкы (539 млн сом) жана Пакистандын Улуттук банкынын филиалы (210 млн сом) аткара албай келишет.

Мындан тышкары окуңуз

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу "Маловодное" жана "Сосновка" транспорттук көзөмөл пункттарына жумушчу сапар менен барды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жайкы ысык мезгилде автомобиль жолдорун сактоо максатында оор жүк

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Түркиянын ишкерлер делегациясы, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, мөмө-жемиш продукциясынын экспортун көбөйтүү, логистиканы жакшыртуу жана агроөнөр жай тармагындагы