Назира Абдиева

«Капитал Банк» өткөн жылы 52 млн сом таза киреше алды

«Капитал Банк» өткөн жылы 52 млн сом таза киреше алды

«Борбор Азиянын Капитал Банкы» ААК 2021-жылы 52 млн сом таза киреше алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди. Мындай маалыматтар банктын акционерлеринин жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы чогулушунда айтылган. Акционерлер бул сумманы албай, банктын карамагында калтырууну чечишкен. Ошондой эле жыйында «Грант Торнтон» ЖЧКсын 2022-жылга банктын тышкы аудитору кылып шайлоо жана

Салык кызматы салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алууда

Салык кызматы салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алууда

Салык органдары жеке жактарга ар тараптан жана толук кандуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өтүштү. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. 28-марттан 31-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, декларациялар эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат. Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жеке

«Айыл Банк», «РСК», «Керемет» банктары кийинки комитеттин жыйынына чакырылат – дыйкандарда кредит алууда көйгөйлөр жаралууда

«Айыл Банк», «РСК», «Керемет» банктары кийинки комитеттин жыйынына чакырылат – дыйкандарда кредит алууда көйгөйлөр жаралууда

Бүгүн, 28-мартта өткөн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар дыйкандарга насыя берген банктардын ишмердигине нааразы болушту. Алардын айтымында, аймактарга үрөн барган, бирок жазгы талаа жумуштарын баштоо үчүн насыяларды берүү кечигүүдө. Анткени банктардагы кезек, алардын иштөө тартиби начар болууда. Комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев банктар дыйкандарга

Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды

Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды

Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп, 3 жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Эскерте кетсек, Аалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары милдетин аткарчу. Белгилей кетсек, уставдык капиталы 50 млн доллар болгон Өзбек-Кыргыз фонду

Кыргызстанда доллардын наркы 89 сомго чейин төмөндөдү

Кыргызстанда доллардын наркы 89 сомго чейин төмөндөдү

Кыргызстанда бүгүн, 28-мартта доллардын сатуу курсу 89 сомго чейин төмөндөдү – бул курс менен америкалык валютаны коммерциялык банктар дагы, акча алмаштыруучу жайлар дагы сатууда. Доллардын сатып алуу курсу орто эсеп менен 91 сомго барабар болууда. Саат 10:00гө карата valuta.kg сайтынын маалыматы боюнча, Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатып алуу

Бакыт Торобаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  болуп дайындалды

Бакыт Торобаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Бакыт Торобаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бакыт Торобаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматта Бакыт Торобаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн кароого киргизүүгө токтом кылынганы айтылган.

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады. Тартип электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучуларына карата колдонулат жана эсеп-фактураны электрондук документ, анын ичинде электрондук кол тамганы колдонуу менен кошумча документ түрүндө жүгүртүүдө электрондук өз ара аракеттешүүнүн катышуучуларынын

Кыргызстан Россиядан негизги азык-түлүктүн үчтөн бир бөлүгүн импорттойт. Буудай, кант… Дагы эмнелер келбей калат?

Бизнес маек

Кыргызстан Россиядан негизги азык-түлүктүн үчтөн бир бөлүгүн импорттойт. Буудай, кант… Дагы эмнелер келбей калат?

Россия жакында эле башка өлкөлөргө, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) өнөктөш болгон мамлекеттерге азык-түлүк товарларын экспорттоого олуттуу чектөөлөрдү киргизди. Бул жагдай Кыргызстан үчүн «өтө оор сокку» болгонун өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да билдирген. Economist.kg басылмасы РФдан ташылчу эң маанилүү азык-түлүктөрдү талдоого алып, бирок көңүл жубатаарлык

Эми финансылык инструменттер да, акчага жетүү да, баары алда канча кымбат болот – Максат Ишенбаев

Эми финансылык инструменттер да, акчага жетүү да, баары алда канча кымбат болот – Максат Ишенбаев

Эми финансылык инструменттер да, акчага жетүү да, баары алда канча кымбат болот. Мындай пикирин «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев Бишкекте ЖИА уюштурган «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда билдирди. Ишенбаевдин пикиринде сомдун мындай девальвациясына жол берилбеши керек болчу. «Улуттук банк рублдин артынан байланып, чуркабай, интервенция жасап, рынокто экенин көрсөтүш

Суу чарба кызматынын чыгашалары бул жылы 4.5 млрд сомду түзөт

Суу чарба кызматынын чыгашалары бул жылы 4.5 млрд сомду түзөт

2022-жылы Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын (СЧК) чыгашалары 4 млрд 453 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Финминдин берген маалыматына ылайык, ирригациялык тутумдарды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине жалпысынан 1000 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүү пландаштырылууда, анын ичинен январь айында 162.4 млн сом

Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанга авиабилеттерге суроо-талап беш эсеге өстү

Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанга авиабилеттерге суроо-талап беш эсеге өстү

Кыргызстанда 24-февралдан бери авиа билеттерге суроо-талап төрт-беш эсе өстү. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Bookit.kg сайтынын башкы директору Евгений Быстров билдирди. Быстровдун айтымында, негизги суроо-талап Россиядан жана Түркия аркылуу башка өлкөлөргө транзит менен өтүүгө болгон. «Россиядагы окуяларга жана базардагы туруксуз кырдаалга байланыштуу көптөгөн адамдар мекенине кайткысы келүүдө. Анткени 2020-жылдагы

26 жаштагы Исламбек Кыдыргычов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

26 жаштагы Исламбек Кыдыргычов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Исламбек Кыдыргычев дайындалды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады. 25-мартта финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды. Кыдыргычов бул кызматка дайындалганга чейин КРнын президентинин Администрациясында эмгектенген. Салык жана