Кыргызстан Россиядан негизги азык-түлүктүн үчтөн бир бөлүгүн импорттойт. Буудай, кант… Дагы эмнелер келбей калат?

Кыргызстан Россиядан негизги азык-түлүктүн үчтөн бир бөлүгүн импорттойт. Буудай, кант… Дагы эмнелер келбей калат?

Россия жакында эле башка өлкөлөргө, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) өнөктөш болгон мамлекеттерге азык-түлүк товарларын экспорттоого олуттуу чектөөлөрдү киргизди. Бул жагдай Кыргызстан үчүн «өтө оор сокку» болгонун өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да билдирген.

Economist.kg басылмасы РФдан ташылчу эң маанилүү азык-түлүктөрдү талдоого алып, бирок көңүл жубатаарлык тыянакка келе албады.

Республикада эң көп суроо-талапка ээ негизги азык-түлүктүн үчтөн бирине жакыны Россиядан алынып келинет. Ал эми Россиянын эгин менен кумшекерди экспорттоого тыюу салуусу Кыргызстан бул азыктарды берген эң ири жеткирүүчүнү жоготту дегенди билдирет.

Спойлер: Экспортко тыюу салынган орус буудайы Кыргызстандын импортунун 57%ын, ал эми кант өлкөнүн керектөөсүнүн 50%ын камсыз кылчу.

КР азык-түлүк менен камсыздоодо 70% импортко көз каранды

Россия менен да, Россиясыз да Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугу боюнча башка мамлекеттерге өтө эле көз каранды. Бүгүнкү күндө КРда керектелүүчү азык-түлүк товарларынын 70%дан ашыгы импорттолот. Ал эми бул 25-30% болуш керек болгон экономикалык коопсуздуктун босогосунан эки эсе жогору.

Ал эми азыр актуалдуу болгон нерсе, Кыргызстан кант жана кондитердик азыктар, өсүмдүк майы, мөмө-жемиштер, нан жана ун азыктары боюнча азык-түлүк көз карандысыздыгына жете элек. Мындай маалыматтар өкмөт тарабынан түзүлгөн 2019-2023-жылдарга КРнын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасында келтирилген.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн негизги азыктар болуп төмөнкүлөр саналат:

  • нан жана ун азыктары (буудай)
  • картошка
  • жашылча-жемиштер жана мөмө-жемиштер
  • кант
  • өсүмдүк майы
  • сүт жана сүт азыктары
  • эт жана эт азыктары
  • жумуртка

Россия эң маанилүү азык-түлүктөрдү импорттогон мамлекет

Азык-түлүк көз карандысыздыгы начар болгондуктан, Кыргызстан башка өлкөлөрдөн сатып алууга аргасыз болгон 70% азык-түлүктүн 30%ы Россиядан келет.

Кыргызстандын импортунун басымдуу бөлүгүн орус өсүмдүк майы, буудай жана кумшекер түзөт.


Азырынча азык-түлүк бир канча айга жетет

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстанда бир нече айга жетчүдөй азык-түлүк бар экенин билдирди.

Кумшекер. Импортту жана кампалардагы запастарды (20 миң тонна) эске алганда Кыргызстанда кант 2.5 айга жетет. Мындан тышкары, 3 айга кампалар ӨКМдин материалдык резервинин кампасында турат.

Өсүмдүк майы. Жаныбековдун айтымында, майдын 5 айга жетерлик запасы бар.

Буудай. Айыл чарба министрлиги буудай тууралуу маалымат бербей келет. Азырынча кампаларда 60 миң тоннадан ашык ун бар. Бирок Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев өлкөдө жарым жылга жетчүдөй буудайдын запасы бар экенин айтты.

Маанилүү азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында шекерди, өсүмдүк майын, минералдык жер семирткичтерди, көчөттөрдү, инкубациялык жумурткаларды, балык тоюттарын жана башкаларды импорттоодо КНСтин ставкасын нөлгө түшүрүү жөнүндө токтом кабыл алынган.

Азырынча Министрлер кабинетинин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттери ушулар. Бирок Айыл чарба министрлигинин башчысы ишендиргендей, өлкө жетекчилиги «азык-түлүк менен камсыз кылууда көйгөйлөр болбошу үчүн максималдуу чараларды көрүүнү» улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media
Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media