Бакыт Торобаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Бакыт Торобаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  болуп дайындалды

Бакыт Торобаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бакыт Торобаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Маалыматта Бакыт Торобаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн кароого киргизүүгө токтом кылынганы айтылган. Бирок ЖК качан карайт, азырынча белгисиз.

«Ата-Журт – Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев буга чейин, «Ак жол», «Республика» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиялары менен шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Мындан тышкары окуңуз

"Чакан ГЭС" Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону баштайт

"Чакан ГЭС" Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону баштайт

Кыргызстанда энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Анын алкагында "Чакан ГЭС" ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы баасы 13,8 млн еврону түзөт, анын 8,8 млн евросу кредиттик каражат болсо, 5 млн евросу грант болуп саналат. Каржылоо Финансы министрлиги жана

Долон ашуусунда кар жаап жатат

Долон ашуусунда кар жаап жатат

Долон ашуусунда кар жаап жатат. Учурда кардын калыңдыгы 5-6 сантиметрге жетти. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, №41 жол тейлөө ишканасы тарабынан таңдан бери жолду тазалоо иштери аткарылууда.  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда, ашууларда каттам бар, жолдо кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүрүүдө. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

BELES автобустары эл ташууга толук жооп бербейт – Д.Орунбеков

BELES автобустары эл ташууга толук жооп бербейт – Д.Орунбеков

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков МинКаб Кыргызстанда чогултулган BELES автобусун эмнеге сатып албаганы тууралуу түшүндүрмө берди. “Бул автобустар тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес. Тетиктери сырттан алып келинип, бул жакта жөн гана кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген завод жок. Ар ким эле үйүнөн бир автобус чогултуп

Бишкекте шаар күнүнө карата фонтандар ишке киргизилет

Бишкекте шаар күнүнө карата фонтандар ишке киргизилет

Бишкекте шаар күнүнө карата фонтандар ишке киргизилет. 29-апрелде борбор калаанын негизги фонтан комплекстери расмий түрдө иштей баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө. Анын алкагында техникалык жабдуулар текшерилип, фонтан табактары тазаланып, системалар суу менен толтурулуп жатат. Шаар күнүнөн тарта Бишкектин тургундары жана коноктору