Назира Абдиева

«Айымдар бизнесте». ЕРӨБ КРда 47 ишкер айымды бизнесин натыйжалуу башкарууну үйрөтөт

«Айымдар бизнесте». ЕРӨБ КРда 47 ишкер айымды бизнесин натыйжалуу башкарууну үйрөтөт

Бишкекте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Women’s forum Kurak өнөктөштүгүнүн алдында ишке ашырып жаткан «Айымдар бизнесте» насаатчылык программасынын экинчи сезону башталды. Бул тууралуу ЕРӨБдүн чакан ишкерлерге кеңеш берүү борбору билдирди. Жети ай бою ата мекендик компаниялардын ээлери бизнести ийгиликтүү өнүктүрүүнүн сырлары менен таанышып, жаңы технологияларга жана өз продукциясын

Ош мэриясы 2021-жылдын отчетун берди

Ош мэриясы 2021-жылдын отчетун берди

Кечээ, 26-январда Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылга карата жыйынтыгын чыгарган биргелешкен коллегиялык отуруму өттү. Ага Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан.. Жыйындын жүрүшүндө калаа башчы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдагы жыйынтыгы жана 2022-жылга карата милдеттер жөнүндө маалымат

Бишкекте электр унааларды кубаттоочу 10 станция ачылды

Бишкекте электр унааларды кубаттоочу 10 станция ачылды

Бишкекте «Элкуб» компаниясынын электромобилдерин кубаттоочу станциялардын тармагы ачылды. Ал расмий түрдө кечээ, 26-январда тапшырылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Эми электр унааларынын ээлери төмөнкү даректер боюнча кубаттай алышат: * «Томми Молл» СБ * «Азия Молл» СБ * «Ала-Арча» СБ * Гипермаркет Фрунзе «Технопарк» * Гипермаркет Фрунзе «ТЭЦ» * Гипермаркет Фрунзе «Джал» * Гипермаркет Глобус «ТЭЦ» * Гипермаркет Глобус

Салык режимин тандоого бир күн калды

Салык режимин тандоого бир күн калды

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдө салык режимин тандоо боюнча салык органдарына арыз берүү үчүн бир күн калгандыгын билдирет. 2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык контрагынын, чекене сатуудан салыктын негизинде салыктарды төлөгөн төлөөчүлөр салык режимин тандоо жөнүндө салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылуулары зарыл. Белгиленген формадагы арыз салык органынан берилет.

Интернет сайттардын 80% кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын уруксатсыз чогултат

Интернет сайттардын 80% кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын уруксатсыз чогултат

Интернет сайттардын 80% кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын уруксатсыз чогултат. Мындай маалыматты Интернет коомунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн изилдөөчүсү Нурбек Арзымбаев Кыргызстанда өз кызматтарын жана товарларын саткан 500дөн ашык интернет сайттарды изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде билдирди. Жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, 28-январда «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «КРгы жеке маалыматтарды коргоо» виртуалдык тегерек столу

Өзгөндө 14 чакырымдык жол курулат, долбоор 800 млн сомго бааланды

Өзгөндө 14 чакырымдык жол курулат, долбоор 800 млн сомго бааланды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Өзгөн районунда 14 чакырым жолдун курулуш долбоорун иштеп чыгууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Өзгөн шаарын айланып өтүүчү уна жолунун курулуш долбоору менен таанышуу учурунда айтылды. Долбоордун алдын ала наркы 800 млн сомду түзөт. Бишкек – Ош жолунда Өзгөн шаарынын

Токтогулдагы суунун көлөмү апрелде 8 млрд куб метрдин тегерегинде болот

Токтогулдагы суунун көлөмү апрелде 8 млрд куб метрдин тегерегинде болот

Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күндө 9 млрд 270 млн куб метр көлөмүндөгү суу бар. 1-апрелге 8 млрд куб метрдин тегерегинде чыгабыз деген пландарыбыз бар. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 26-январда ЖКнын жыйынында билдирди. Анын айтымында, республика учурда Токтогул ГЭСиндеги өндүрүштү азайтып, импорттон алып жатат. «Азыр электр энергиясын коңшулаш

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунунун долбоору  2.8 млрд долларга бааланды

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунунун долбоору 2.8 млрд долларга бааланды

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунуна даярдык апрель-май айларында башталат жана ал 2.8 млрд долларга бааланды. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 26-январда ЖКнын жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, долбоорду курууга катышчу өлкөлөрдө кошумча суроолор болуп жаткандыктан кыргыз бийлиги ГЭСтин курулушуна даярдыкты баштай берүү чечимин кабыл алган. Учурда ГЭС курулчу жайга кайык

Январь айында бюджеттин кирешеси 11.8 млрд сомду түздү

Январь айында бюджеттин кирешеси 11.8 млрд сомду түздү

2022-жылдын январь айында бюджеттин кирешеси 11.8 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.5 млрд сомго көп. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын биргелешкен коллегиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы бюджет 5.6 млрд сомдук профицит

Түркияга ID-паспорт менен кирүү мүмкүнчүлүгү сунушталды

Түркияга ID-паспорт менен кирүү мүмкүнчүлүгү сунушталды

Кыргызстан Түркияга эки өлкөгө тең ички жарандык паспорт менен кирип чыгууга уруксат берүүнү сунуштады. Мындай сунушту Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев 24-январда Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушууда билдиргенин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде КРнын жарандарынын

Талапкерлиги комитетте колдоо таппаган Кадыркуловду президент элчи кылып дайындады

Талапкерлиги комитетте колдоо таппаган Кадыркуловду президент элчи кылып дайындады

Бүгүн, 26-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов комитетте колдоо таппаган талапкер элчи болуп бекитилгенин айтты. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 24-январдагы жыйынында депутаттар Идрис Кадыркулов талапкерлигин колдогон эмес. Эл өкүлдөрү Кадыркуловдун УКМК жетекчилигинен кеткен себебин, атайын кызматты жетектеп тургандагы аракеттери тууралуу

Идрис Кадыркулов Украинага, Улукбек Марипов Сауд Аравияга Элчи болуп дайындалышты

Идрис Кадыркулов Украинага, Улукбек Марипов Сауд Аравияга Элчи болуп дайындалышты

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов КРнын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Ал эми Идрис Кадыркулов КРнын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Эске салсак, УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып