«Айымдар бизнесте». ЕРӨБ КРда 47 ишкер айымды бизнесин натыйжалуу башкарууну үйрөтөт

«Айымдар бизнесте». ЕРӨБ КРда 47 ишкер айымды бизнесин натыйжалуу башкарууну үйрөтөт

Бишкекте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Women’s forum Kurak өнөктөштүгүнүн алдында ишке ашырып жаткан «Айымдар бизнесте» насаатчылык программасынын экинчи сезону башталды. Бул тууралуу ЕРӨБдүн чакан ишкерлерге кеңеш берүү борбору билдирди.

Жети ай бою ата мекендик компаниялардын ээлери бизнести ийгиликтүү өнүктүрүүнүн сырлары менен таанышып, жаңы технологияларга жана өз продукциясын алга карай жылдыруунун ыкмаларына үйрөнүшөт. Бул жагынан аларга жергиликтүү жана чет элдик адистерден турган тажрыйбалуу насаатчылар жардам беришет.

Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган ЕРӨБ программасынын компоненттеринин бири насаатчылык болуп саналат – бул формалдуу институт, ал өсүп келе жаткан ишкерлерге тажрыйбалуу жана кесипкөй насаатчылардан мотивация алып, пайдалуу бизнес кеңештерине ээ болууга мүмкүнчүлук берет.

Демилге бизнести кеңейтүү үчүн карыздык ресурстарды тартууда жардам көрсөтүү жагын да карайт.

«Кыргызстандагы ишкер айымдарга бизнесте жакшы натыйжаларга жетишүүгө биз жардам берип жатканыбызга мен абдан кубанычтамын. Биздин насаатчылык программабыздын алкагында, былтыр биз бизнес тармагындагы 45 ишкер айымды жана 30дан ашуун тажрыйбалуу насаатчылар менен биринчи топту ишке киргизгенбиз. 81 жумушчу орун түзүлүп, 29 продукция жана кызмат көрсөтүү иштелип чыкты, 14 компания процесстерин оптималдаштыруу жана автоматташтыруу инструменттерин киргизди. 40 шакиртибиз пандемия учурунда кризиске каршы бизнести башкаруу боюнча жаңы билимге ээ болуп, ноу-хау академиясында окуусун аяктады. Биз сиздер менен жаңы фазада, жаңы бийиктиктерге жетүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз!» – деп билдирди ЕРӨБдүн Борбор Азиядагы чакан жана орто бизнести каржылоо жана өнүктүрүү тобунун аймактык жетекчиси Холгер Вифел.

Долбоордун экинчи этабына 47 тажрыйбалуу насаатчы, ментор-эдвайзерден турган 9 топ жана долбоорго катышуу үчүн 370тен ашык талапкердин ичинен тандалып алынган 47 ишкер айым тартылды.

Тажрыйба көрсөткөндөй, бизнестеги айымдар эркектерге салыштырмалуу, өз бизнесин өнүктүрүү үчүн чоң амбицияларга ээ болуп, жоопкерчилигин көрсөтүшөт. Ал эми бизнес ээлеринин өсүшүнө тоскоол болгон чектөөлөр менен иштөө эң натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоордун катышуучуларынын бири, Sisters Sweets Bishkek үй наабайканасынын кожойкелеринин улуусу Наргиза Жолдошеванын айтымында, тажрыйбалуу насаатчылардын жардамы менен шакирттер өз бизнесин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн керектүү билим жана тажрыйбага ээ болушат.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

ЕРӨБ «Айымдар бизнесте» программасы – бул КРдагы бизнес үчүн каржылык жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган кызматтардын комплекстүү пакети. Программа кредиттик линияны, тобокелдикти бөлүштүрүү механизмин жана ошондой эле аялдар жетектеген чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө карата кеңеш берүүнү жана насаатчылыкты сунуштайт.

Программага каржылык колдоону ишкер айымдар үчүн каржылык демилге (We-Fi) жана Швейцария өкмөтү тарабынан ЕРӨБ Чакан бизнеске таасир берүү фонду (EBRD Small Business Impact Fund) көрсөтүп, ал (Швейцария, Италия, Япония, Түштүк Корея, Люксембург, Норвегия, Швеция, Кытай Тайбэй жана АКШ) донор өлкөлөрдүн каражаты менен ишке ашырылат.

«Курак» аялдар форуму» коомдук бирикмеси – бул ар кандай чөйрөдөгү, анын ичинде бизнестеги аялдарды бириктирген коммерциялык эмес коомдук уюм. Бирикменин негизги максаты – окутуу аркылуу аялдардын ишкердигине жана соода-сатыкты өнүктүрүүгө таасир этүү, башкарууга катышуу жана андагы мүмкүнчүлүктөн пайдалануу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.