Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен байланышууга көмөк көрсөтүңүздөр - Казакбаев
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ал жака барган кыргызстандыктар консулдук мекемелеринде каттоого турбагандыктан, Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандар менен түз байланыш жок экенин билдирди. Ошондой эле кыргызстандыктарды ал аймактарда болушу мүмкүн болгон туугандары, достору жана тааныштары менен байланышууга чакырды. Анын айтымында, консулдук юридикалык жардам жана консультацияларды көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген