«Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору иштелип чыкты

Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана ата мекендик продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Экономика жана коммерция министрлиги 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программасынын долбоорун иштеп чыкты.

Министрликтин берген маалыматына таянсак, мамлекеттик жана жеке секторлордон кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү менен консультациялар жана жолугушуулар уюштурулган.

Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча бул экспорттук программа экспорттун төмөнкү товардык түзүмү боюнча чараларды көрүүгө багыттала тургандыгы аныкталган:

  • Текстиль жана тигүү, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк, бут кийим
  • жемиштерден жана жашылчалардан даяр азыктар
  • жаңгактан жана буурчактан даяр продукция
  • даяр кургатылган азыктар
  • бал жана бал азыктары
  • Сүт азыктары
  • эт азыктары
  • балык азыктары
  • зергер буюмдары
  • алкоголсуз, анын ичинде улуттук суусундуктар. 

Жолугушуулардын жана консультациялардын жүрүшүндө сунушталган бардык чаралар эске алынган, ошондуктан Программанын түзүмүнө төмөнкүдөй секторлор киргизилген:

  • экспортту стимулдаштыруу жана жылдыруу
  • соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
  • Сапаттуу инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү
  • Финансылык ресурстарга жетүү.

Учурда Программанын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди