Назира Абдиева

Казакстандагы башаламандыктан улам төрт казак миллиардеринин байлыгы 3 млрд долларга кыскарды

Казакстандагы башаламандыктан улам төрт казак миллиардеринин байлыгы 3 млрд долларга кыскарды

Америкалык Forbes журналы казакстандык төрт миллиардердин байлыгы өлкөдөгү массалык баш-аламандыктардан улам 3 млрд долларга кыскарганын билдирди. 4-январдан бери Kaspi.kz финтех-компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Вячеслав Кимдин байлыгы компаниянын акцияларынын 30%га төмөндөшүнөн улам 1.4 млрд долларга (4.2 млрд долларга чейин) азайды. Ошол эле Kaspi.kz сайтынын башкы директору

ТИМ Алматыдан 14 кыргызстандыкты алып келди, Нур-Султандан 15 жаранды алып келүү пландалууда

ТИМ Алматыдан 14 кыргызстандыкты алып келди, Нур-Султандан 15 жаранды алып келүү пландалууда

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Алматы облусундагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте кечээ, 9-январда 14 кыргызстандыкты, анын ичинде аялдар менен балдарды атайын уюштурулган транспорт менен мекенине алып келишти. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда Нур-Султан шаарынан 15 кыргыз жараны дагы КРга темир жол менен кайтып келүүгө

УКМК: Казакстанда жөн эле көчөгө чыккан кыргызстандыктар камакка алынышы мүмкүн

УКМК: Казакстанда жөн эле көчөгө чыккан кыргызстандыктар камакка алынышы мүмкүн

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Казакстандагы кыргызстандыктардын кармалышы боюнча билдирүү жасады. УКМК соода жана тейлөө тармагында иштеген КРнын жарандары жөн эле көчөдө жүргөн жеринен кармалып калышы мүмкүн экендигин билдирди. «КРнын жарандарынын казакстандык укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан камакка алынган жана башка аракеттерине дуушар болгон Казакстандагы КРнын жарандарына карата

Кыргызстанда товарларды шашылыш сатып алуу байкалган жок

Кыргызстанда товарларды шашылыш сатып алуу байкалган жок

Кыргызстанда товарларды шашылыш сатып алуу көрүнүшү байкалган жок. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаковдун «Глобус», «Фрунзе», «Народный», «Яр-Марка» соода түйүндөрүнө жана Орто-Сай базарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында белгилүү болду. Мониторинг көрсөткөндөй, социалдык маанилүү товарлардын баасы мурдагы бойдон эле турат. Соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, товардын запасы жетиштүү. Ошондой

Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер жиберүүгө макулдугун берди

Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер жиберүүгө макулдугун берди

Бүгүн, 7-январда Казакстандагы митингге байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстан Казакстанга аскер жөнөтүүгө макул болду. Бул маселе боюнча парламенттик жыйын алгач ачык режимде өтүп жаткан, бирок кийинчерээк депутаттар жыйынды жабык өткөрүүгө макулдугун беришти. Кайра добуш берүүнүн жыйынтыгында, эл өкүлдөрүнүн 69 макул, жетөө каршы болду.

Кыргызстанда 2 айга жете турган ун жана дан азыктары бар

Кыргызстанда 2 айга жете турган ун жана дан азыктары бар

КРнын ун чыгарган мекемелер Ассоциациясына кирген ун заводдорунда 2 айга жете турган ун жана дан азыктарынын запасы бар. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттикте өткөн жыйында аталган бирикменин төрагасы Рустам Жунушев билдирди. Жунушев ошондой эле мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык, январь айында Россиядан 30-40 миң тонна дан келиши күтүлүп жатканын да

Казакстан КР менен чектешкен 4 өткөрмө бекетти убактылуу жапты

Казакстан КР менен чектешкен 4 өткөрмө бекетти убактылуу жапты

Казакстан КР менен чектешкен жердеги «Кең-Булуң», «Токмок» жана «Ак-Жол», «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттерин бир тараптуу жапты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 7-январда билдирди. Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнтөн тарта аталган пункттардан адамдардын жана автоунаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат. «Учурда 7 өткөрмө бекеттеринин төртөө

Казакстанга КРдан 150 аскер барат

Казакстанга КРдан 150 аскер барат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сегиз брондолгон техника, 11 машине барарын билдирди. Учурда Жогорку Кеңеште Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу жыйында ЖККУнун аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселеси каралууда. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан

Садыр Жапаров «Кумтөр» толугу менен КРга өтүү божомолу бар экенин билдирди

Садыр Жапаров «Кумтөр» толугу менен КРга өтүү божомолу бар экенин билдирди

Канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар жана учурда тараптар «КГК» компаниясын толугу менен КРга өткөрүп берүү тууралуу тынчтык келишимин талкуулоо жыйынтыкталып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 2-январда, «Кумтөр» алтын кенине болгон сапарында белгилүү болгонун, өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын

КРдагы кара металлды ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга 6 айга тыюу салынды

КРдагы кара металлды ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Кабыл алынган чечимге ылайык, КРдан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихта куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айлык

Ысык-Көлдө Диснейленд курулат

Ысык-Көлдө Диснейленд курулат

Ысык-Көлдө Диснейленд, дүйнө жүзү үчүн олимпиадалык айыл, университеттер курулат.  Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү «Асман» шаарынын курулушун жетектөөгө мамлекет тарабынан жаңы дайындалган «Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси, коррупция боюнча шектелип жүргөн «бизнес өкүл ата» Тимур Файзиев өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди. Анын айтымында, ал жакында эле мамлекеттин башкаруусунда «Асман» эко-шаарынын курулушунун жетектөөгө дайындалган.

«Асман» шаарын коррупцияга шектүү «бизнес өкүл ата» Тимур Файзиев курат

«Асман» шаарын коррупцияга шектүү «бизнес өкүл ата» Тимур Файзиев курат

Ысык-Көлдөгү «Асман» шаары коррупция боюнча шектелип жүргөн «бизнес өкүл ата» Тимур Файзиевдин жетекчилиги астында курулат. Бул тууралуу Файзиев өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирген. Тимур Файзиевдин айтымында, ал жакында эле мамлекеттин башкаруусунда «Асман» эко-шаарынын курулушунун жетектөөгө дайындалган. Ал белгилегендей, долбоордун биринчи этабы боюнча шаар 500 миң адамга, кийинчерээк дагы жарым млн адамга