Кыргызстанда 2 айга жете турган ун жана дан азыктары бар

КРнын ун чыгарган мекемелер Ассоциациясына кирген ун заводдорунда 2 айга жете турган ун жана дан азыктарынын запасы бар. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттикте өткөн жыйында аталган бирикменин төрагасы Рустам Жунушев билдирди.

Жунушев ошондой эле мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык, январь айында Россиядан 30-40 миң тонна дан келиши күтүлүп жатканын да белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-январда Монополияга каршы мамлекеттик агенттикте Казакстандагы окуяларга байланыштуу социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында жыйын өткөн. Жыйынга «Народный», «Глобус», «Фрунзе», «Яр-Марка» соода түйүндөрүнүн жана ун ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды