Назира Абдиева

Бишкекте криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 10 млн долларды түзөт - Акылбек Жапаров

Бишкек шаарында эле криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 5 миллиондон 10 млн долларга жетет. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров “Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк” санариптик форумунун пленардык жыйынында айтты. Анын айтымында, банк секторуна киргизилген чектөөлөр (Visa жана MasterCard системалары аркылуу акча которуулар) Кыргызстанда криптовалютанын өнүгүшүнө олуттуу

Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасы жөнөкөйлөтүлдү

Салык кызматы киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасын жөнөкөйлөттү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Салык кызматы көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен, киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун (FORM STI-161) формасын жөнөкөйлөтүп, статистикалык отчетко байланыштуу 3 жана 4-бөлүмдөрүн алып салды. Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык

Бишкекте суу менен канализацияга тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкек шаардык кеңеши таза сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде “Бишкексууканал” ишканасы каржылык жактан оор абалда экени белгиленген. Буга тарифтердин чыгымдарды жабууга жетишсиздиги, электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү, инфляция, жабдуулардын эскириши жана аларды жаңылоого каражаттын жетишсиздиги, эмгек акынын аздыгынан кадрлардын сыртка кетиши

Транспорт министрлигинин жеке ишкерлерге карызы 702 млн сомго жетти

Бүгүн, 3-февралда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Транспорт министрлигинин тендерлер боюнча ишин аткарып, бирок министрлик тараптан төлөнбөй келе жаткан ишкерлердин акылары тууралуу маселе көтөрүлдү. Жыйында депутат Алишер Козуев Транспорт министрлиги алынган кредиттер, коррупциялык схемалар боюнча айыпталып келгенин айтып, министрликтин ички карызы 702 млн сомго жеткенин белгиледи. “Аны эмне себептен бербей

МИК 85 млн сомдук сегиз батирди аукционго коет

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкектеги батирлерди аукцион аркылуу сатууга ниеттенүүдө. Аукциондун шарттары МИКтин расмий сайтында жарыяланды. Аукцион сегиз лоттон турат. Ар бир лоттун баштапкы баасы 8 млн сомдон 16.3 млн сомго чейин жетет. Катышуу үчүн кепилдик төлөм 5 миң сомду түзөт. Аукцион 9-март күнү саат 15:00дө, Токтогул көчөсү 228

Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыкты

Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыкты. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өскөн. “2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды», – деди Эдил Байсалов.

Бизнести текшерүүгө тыюу салуу жылдын аягына чейин киргизилген, бирок башка учурлар да бар

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилген. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы көзөмөл органы билдирди. Бирок мамлекеттик органдар текшерүү жүргүзө ала турган да учурлар бар: * жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында * мыйзамга ылайык ишкерлердин өтүнүчү боюнча * башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын талабы боюнча * жеке

Кийинки аптада Бишкекте биринчи кыргыз-словения форуму өтөт

10-февралда Бишкекте биринчи кыргыз-словения форуму өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Иш-чара словениялык Spirit компаниясы менен биргеликте өткөрүлөт. Словениянын бизнес-делегациясынын курамында маалыматтык-коммуникациялык чечимдер, туризм, айыл чарба продукциясын муздатуу жана сактоо үчүн жабдуулар, тоо-кен, өнөр жай, энергетика жана башка көптөгөн тармактардан болушат. * Форум 10-февралда Ramada by Wyndham мейманканасында (Бишкек ш.

Мальдив аралдары менен Араб Эмираттары - дагы кайсы өлкөлөр кыргызстандыктар үчүн виза режимин жокко чыгарат?

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын жарандары үчүн чет мамлекеттерге визасыз сапарларды кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 2022-жылы Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Бахрейн, Ливан жана Мальдив аралдары менен КРнын жарандары үчүн визалык талаптарды алып салуу жөнүндө төрт келишимге кол коюлган. Учурда бул макулдашууларды күчүнө киргизүү

Мамлекет өзүнө тиешелүү болгон «Каприз» пансионатындагы 28% акциясын сатат - 1 тыйын дивиденд алган эмес

Мамлекет акциялардын 28%ы тиешелүү болгон Ысык-Көлдөгү “Каприз” эс алуу борборунан ушунча жылдан бери бир тыйын дагы дивиденд алган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров билдирди. Бакировдун айтымында, “Каприздин” башка акционерлери банктардан кредит алып алышкан. “Ошол банктын кредитин жабабыз деп

ММБФ мамлекетке таандык «Керемет банктын» 7% акциясын Улуттук банкка сатууну пландап жатат

Мамлекетке тиешелүү болгон “Керемет банктын” 10%га жетпеген акциясын Улуттук банкка сатуу каралууда. Мындай маалыматты бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров билдирди. Анын айтымында, “Керемет банктын” 90%дан ашыгы Улуттук банкка тиешелүү. “Ал эми мамлекеттин 7% гана бар. Ошол 7%ды сатыкка эки

Соцфонд каражаттарын баалуу металлдарга, кагаздарга инвестициялоону көздөөдө

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гульнура Жуматаева пенсиянын топтоо бөлүгүн көбөйтүү үчүн фонддун каражаттарын инвестициялоо боюнча баяндама жасады. Ал берген маалыматка ылайык, Соцфонд каражаттарын көбөйтүү максатында, пенсиялык топтоолорду баалуу металлдар жана КРнын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына инвестициялоо үчүн активдердин тизмегин кеңейтүүнү көздөөдө. “Баалуу металлдарды, баалуу кагаздарды