Соцфонд каражаттарын баалуу металлдарга, кагаздарга инвестициялоону көздөөдө

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гульнура Жуматаева пенсиянын топтоо бөлүгүн көбөйтүү үчүн фонддун каражаттарын инвестициялоо боюнча баяндама жасады.

Ал берген маалыматка ылайык, Соцфонд каражаттарын көбөйтүү максатында, пенсиялык топтоолорду баалуу металлдар жана КРнын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына инвестициялоо үчүн активдердин тизмегин кеңейтүүнү көздөөдө.

“Баалуу металлдарды, баалуу кагаздарды инвестиция булагы катары карап, алар узак мөөнөттө алгылыктуу көбөйүшүнө байланыштуу ал активдерге жайгаштыруу максатка ылайыктуу деп эсептелет”, – деди ал.

Ошондой эле Соцфонд инвестициялык портфелди диверсификациялоо, ал каражаттардын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу максатында Резервдик фонд түзүүнү сунуштоодо.

Белгилей кетсек, мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар