Бишкекте криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 10 млн долларды түзөт - Акылбек Жапаров

Бишкекте криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 10 млн долларды түзөт - Акылбек Жапаров

Бишкек шаарында эле криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 5 миллиондон 10 млн долларга жетет. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров “Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк” санариптик форумунун пленардык жыйынында айтты.

Анын айтымында, банк секторуна киргизилген чектөөлөр (Visa жана MasterCard системалары аркылуу акча которуулар) Кыргызстанда криптовалютанын өнүгүшүнө олуттуу түрткү берген.

“Мен криптовалюта өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң жана терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейм. Криптовалюталардын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири ар кандай факторлорго, анын ичинде өлкөнүн жөнгө салууга болгон мамилесине жана жарандар менен ишканалардын криптовалюталарды кабыл алуу деңгээлине жараша болот. Бул технологиялардын потенциалы таасирдүү, бирок бир катар себептерден улам аларга этияттык менен мамиле кылуу керек”, – деди Жапаров.

Ошондой эле ал жасалма интеллектке негизделген ар кандай жаңы технология рынокко кирээрден мурда жөнгө салуу маселелери чечилиши керек деп белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу "Маловодное" жана "Сосновка" транспорттук көзөмөл пункттарына жумушчу сапар менен барды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жайкы ысык мезгилде автомобиль жолдорун сактоо максатында оор жүк

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Түркиянын ишкерлер делегациясы, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, мөмө-жемиш продукциясынын экспортун көбөйтүү, логистиканы жакшыртуу жана агроөнөр жай тармагындагы