Назира Абдиева

Банктар кардардын жеке маалыматын соттун чечими менен гана беребиз дешүүдө – Бекболот Алиев

Банктар кардардын жеке маалыматын соттун чечими менен гана беребиз дешүүдө – Бекболот Алиев

«Учурда келише албай жатканыбыз – Банктар кардардын жеке маалыматын соттун чечими менен гана беребиз дешүүдө», – деди Экономика жана Финансы министринин орун басары Бекболот Алиев бүгүн, 21-сентябрда Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча Биринчи Радионун түз эфиринде берген маегинде. Министрдин орун басарынын айтымында, эгерде Салык органы текшерип жаткан субъект тууралуу маалымат алгысы келсе,

«Акысыз адвокат» телекөрсөтүүсү аркылуу юридикалык жардам алсаңыз болот

«Акысыз адвокат» телекөрсөтүүсү аркылуу юридикалык жардам алсаңыз болот

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (МКЮЖБ), КРнын Адвокатурасы, КРнын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) менен бирдиктүү үч тараптуу келишимдин негизинде «Акысыз адвокат» аттуу программа уюштуруп, жарандарга түз эфирде акысыз юридикалык кеңеш берип баштады. Көрсөтүүнүн негизги максаты – МКЮЖБнун тутумунда катталган адвокаттар аркылуу жарандарга укуктук жардам көрсөтүү, ошондой

«Кумтөр» жабдууларды жана тетиктерди албайт – Нью-Йорктун соту «Центерранын» өтүнүчүн колдоду

«Кумтөр» жабдууларды жана тетиктерди албайт – Нью-Йорктун соту «Центерранын» өтүнүчүн колдоду

Нью-Йорктун соту 15-сентябрда Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду компаниялары боюнча  өтүнүчүн канааттандырды. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК толук төлөм менен товарларды кайтарып беришет, анткени «КГК» кенди көзөмөлдөбөйт жана алтын сатуудан түшкөн кирешени албайт. Маалым болгондой, жабдууларды, анын ичинде чоң Caterpillar самосвалдарынын запастык бөлүктөрүн алуу боюнча кенди

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга санариптештирүүгө 50 млн доллар кайра бере турган болду

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга санариптештирүүгө 50 млн доллар кайра бере турган болду

Акыркы мезгилде бул долбоор үзгүлтүккө учураганы менен Дүйнөлүк банк Digital CASA долбоорун Кыргызстанда ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча кеңешчиси Павел Хрипунов кабарлады. Июль айында Дүйнөлүк Банк Digital CASAны Кыргызстанда ишке киргизүүдөн баш тартууга ниеттенип жатканы белгилүү болгон эле. Андан кийин мурдагы чиновник Уран

KOICA КРга Кореядан келген товарлардан КНСти алып салууну суранууда – башкача жол менен

KOICA КРга Кореядан келген товарлардан КНСти алып салууну суранууда – башкача жол менен

Бүгүн, 20-сентябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынына Экономика министринин орун басары Руслан Татиков KOICA уюмунун КРгы өкүлдөрүнө артыкчылык берүү маселесин кароо долбоору менен келди. Жыйында Татиков КР менен Кореянын ортосунда кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга (өзгөртүлгөн) кошумча макулдашууну радификациялоо тууралуу КРнын мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында,

Шайлообек Атазов: минкабминдин мүчөлөрү гипноздоп койгон сыяктуу, билишпейт, окушпайт

Шайлообек Атазов: минкабминдин мүчөлөрү гипноздоп койгон сыяктуу, билишпейт, окушпайт

Бүгүн, 20-сентябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Экономика министринин орун басары Руслан Татиковдон KOICA уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу сурап жатып, минкабминдин мүчөлөрү гипнозго түшкөндөй эч нерсе билишпейт деп сындады. Жыйында Руслан Татиков КР менен Кореянын ортосунда кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну радификациялоо

«Айыл Банк» мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 5 млн сомдон 25 жылга чейин кредит берет

«Айыл Банк» мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 5 млн сомдон 25 жылга чейин кредит берет

«Айыл Банк» «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында турак-жай сатып алуу үчүн «Жеңилдетилген ипотека» жана «Жеткиликтүү ипотека» деген эки багытта 15тен 25 жылга чейинки мөөнөткө кредит бере баштайт. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди. «Айыл Банк» ААК «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик ипотекалык программасынын алкагында ипотекалык насыялоону ишке ашырууну жандантты.

Энергетика тармагынын карызы учурда 135 млрд сомду түзөт

Энергетика тармагынын карызы учурда 135 млрд сомду түзөт

Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын карызы 135 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Доолбеков ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 45 млрд сом кайтарылган, энергетика жана агроөнөр жай комплекси үчүн

Автоунаа салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Автоунаа салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Мамлекеттик салык кызматы КР ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте салык төлөнбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүүдө. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 1000 сом өлчөмүндө административдик

Алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоору даярдалууда

Алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоору даярдалууда

Алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоору даярдалууда. Бул тууралуу Экономика министри Акылбек Жапаров кечээ, 19-сентябрда өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди. Ал Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салгандыгы тууралуу жазган билдирүүсүндө айтат. «Мен азыр эртерээк болсо да, биздин алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоорун

Лондон ассоциациясы «Кыргызалтынды» жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарды

Лондон ассоциациясы «Кыргызалтынды» жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарды

Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салды. Бул тууралуу ассоциациянын сайтында айтылат. «Ушул күндөн баштап заводдун бардык продукциялары стандартка жооп берет деп эсептелбейт», – деп айтылат Лондон ассоциациясынын билдирүүсүндө. Маалыматка ылайык, «Кыргызалтын» камсыздоо программасын жоопкерчиликтүү аткарбагандыгы үчүн тизмеден чыгарылган. Белгилей кетсек, Лондо

Кыргызстан Кореядагы ЭКСПО көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстан Кореядагы ЭКСПО көргөзмөсүнө катышууда

2021-жылдын 10-сентябрында Түштүк Кореяда жапайы женьшень жана жалпысынан картаюуга каршы индустрияга арналган Эл аралык ЭКСПО көргөзмөсү ачылып, ага 13-өлкөнүн өкүлдөрү менен бирге Кыргызстан да катышууда. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилиги билдирди. ЭКСПО, жапайы женьшендин мекени болгон Хамян шаарында өтүп, ушул жылдын 10-октябрына чейин уланмакчы. ЭКСПОнун алкагында Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, КРнын